Жалал-Абад шаарында 3600 бала 1-класска барды (сүрөт)

Жалал-Абад шаарындагы мектептерге быйыл 3600 бала 1-класска барды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.

Ага ылайык, салтанаттуу линейкага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин дептутаттары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев баштаган мугалимдер шаардагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектеп-гимназиясына барып, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап кайтышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоко жаңыдан мектеп босогосун аттаган балдарыбызга өзгөчө көңүл бөлүп, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, мекенди сүйүүгө тарбиялоо керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 21 мектепте жалпы 26 миң окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан