Баткенде жаңы окуу жылында беш мектеп, үч бала бакча ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Баткен районунун Самаркандек айылында Сагын Кожобаева атындагы гимназия-жатак мектебинин жаңы имараты, Үч-Дөбө айылында 225 орундуу Үч-Дөбө башталгыч жаңы типтүү мектеп, Кара-Токой айылындагы Б.Мергенов атындагы 150 орундуу орто мектеп, Сай айылындагы Д.Акматов атындагы 225 орундуу мектеп жана Кадамжай районунун Ноогардан айылындагы №32 Ноогардан орто мектебинин 275 орундуу жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди.
Ошондой эле Баткен районунун:
Жогорудагы пайдаланууга берилген билим берүү мекемелери заманбап эмеректер менен толукталып, толук шарты менен курулган.