Ош шаарында быйыл 8 миңден ашык окуучу биринчи класска барды

Ош шаарында быйыл 8 миңден ашык окуучу 1-класска барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, 1-сентябрда Ош шаарындагы бардык мектептерде Билим күнү белгиленди. Майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев №4 мектепте болуп, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Вице-мэр окуучулардын билимин жогорулатуунун маанилүү аспектисин жана билим берүүнүн сапаты боюнча пландуу иштерди белгиледи.

"Баарыңыздарды окуу жылынын башталышы менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө шаарда мектеп окуучуларынын жалпы саны 85 миңге жакын болсо, анын ичинен 8720га жакын окуучу 1-класска кабыл алынды. Окуу жылы башталганга чейин бардык мектептерде республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин статусун жогорулатуу, мугалимдерге колдоо көрсөтүү боюнча жыл сайын системалуу иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Биздин негизги милдетибиз – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөө", - деп белгиледи Жунусбаев.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында 4 мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бирөө аяктоо алдында турат. Эки мектепке кошумча имарат жана 3 бала бакча курулууда. Ош шаарында жалпы 53 мектептин баарында Билим күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан