Жалал-Абадда көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйланды

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы көп балалуу (7 же андан көп) 12 энеге "Баатыр эне" ордени жана 6 эне "Эне даңкы" төш белгиси (6 балалуу энелерге) менен сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыктарды калаа мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды. Шаар башчысы энелердин түйшүгү оор экенин белгилеп, бардык аялзаты сый-урматка татыктуу экенин кошумчалады.

Учурда Жалал-Абад шаарында жалпысынан 251 баатыр эне бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан