Салык кызматы 8 айда канча салык жыйналганын айтты

2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 99 миллиард 961 миллион 400 миң сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган кызмат тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, белгиленген план 1 миллиард 445 миллион 500 миң сомго ашыгы менен чогултулду (аткаруу 101,5 пайыз).

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 миллиард 829 миллион 400 миң сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151,2 пайызды түздү. 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу келип түшүүлөрдүн эң чоң өсүшү пайда салыгы (өсүү ыргагы 162,2 пайыз), киреше салыгы (133,1 пайыз), кошумча нарк салыгы (123,7 пайыз), Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган товарларга акциз салыгы (149,8 пайыз), сатуу салыгы (126,3 пайыз), жер казынасы үчүн салыктар жана чегерүүлөр (129,3 пайыз), бирдиктүү салык (516,3 пайыз) боюнча белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан