"Президенттер качаарда эле сыйлык тапшырып калчу эле". Садыр Жапаров 2016-жылы жазган билдирүүсүн түшүндүрдү

Бүгүн, 2-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу маалында учурда талкуу болуп жаткан сын-пикирлерине жооп берди.

Кечээ, 1-сентябрда президенттин администрациясы сыйлык ала турган бир нече адамдын тизмесин жарыялаган. Мындан улам интернет колдонуучулары президенттин 2016-жылы жазган билдирүүсүн эске салышкан.

"Мындан бир нече жыл мурда мен дагы ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама билдирүү жаздым эле. "Бийлик качаарда эле ушундай сыйлыктарды тапшырып калат" деп. Анан анымды сыйлыктарды тапшырып жатканда чыгарышып, "мына өзү дагы массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып жатат" деген сын-пикирлер болду.

Мен аны эмне үчүн жаздым эле? Мурда өзүңүздөр жакшы билесиздер, сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиш менен алышчу. Акчаң болбосо бир дагы сыйлык ала алчу эмессиң. Анан мен бийликке келгенден баштап сыйлыкка сунуштар келгенде мен комиссия чогулттум дагы "мындан ары татыксыздарга, акча менен сатып алууларга эч кандай сыйлык берилбеши керек" деп айттым. Сыйлыкты, наамды, бийликти сатып алганда биз өлкөнү эч качан өнүктүрө албайбыз.

Ошондон баштап биз эл арасынан карап 20, 30 жылдан бери, керек болсо мына араңыздарда 50 жылдан бери эмгеги сиңген ардагерлер, кызматкерлер отурасыздар. Сыйлык ала албай келгенсиздер. Ошондуктан эки жолу сыйлык тапшырдык, экөөндө тең карап, татыктууларга берип жатабыз", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2022-09-02 23:15:28
Президент иштеп жатат. Биринчи жолу бронемашиналар алынды бюджеттин акчасына. Дрондор келди. Иштесин. Чубак ажыбыздын осуяты бар. Падышага акаарат келтирүүгө болбойт деп. Азыр президент учурунда жакшы ниетте туралы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан