Пакистанда узак убакыт нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны орун алып, эгин талаалар, дыйканчылык аймактар жабыр тартты. Мындан улам өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы пайда болду. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф чет элдик журналисттерге берген маегинде билдирген.
Маалыматта айтылгандай, азык-түлүк тартыштыгын жоюу үчүн Пакистан күрүч, картошка, буудай уну, пияз, помидор жана башка азыктарды импорт аркылуу чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан да алууну пландап жатат.