Камчыбек Ташиев: "Жаңжалды токтотуудагы кылган ишибиз көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын алышы боюнча жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берди.

Маегинде УКМК башчысы 2010-жылы Ош окуясында жаңжалды токтотууга кылган иштер көз өткөндөн кийин бааланат деп ойлогонун айтты.

аамды алыш бир жагынан күтүүсүз болду, экинчи бир жагынан алганда бул күтүлгөн эле окуя болчу. Себеби мындан 12 жыл мурда болуп өткөн окуялардын негизинде бул сыйлык берилгенин президент дагы айтып өттү. Ошол маалда жасалган эмгектер ошондогу жүз миңдеген адамдардын күбө болушу булл окуялардын жөндөн-жөн эле унутулуп калышы мүмкүн эмес болчу. Себеби ошол маалда эки элдин ортосундагы жаңжалды токтотууга болгон аракеттерибиз, элдин өмүрүн сактап калууга болгон күч аракеттерибиздин кайсы бир маалда бааланышын мен билгем. Бирок мен бул баалануу көз өткөндөн кийин болсо керек деп ойлогом. Себеби адамдын эмгеги көзү тирүүсүндө бааланыш өтө кыйын экендигин баарыбыз билебиз", - деди Ташиев.

Кечээ, 2-сентябрда сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rafo80
2022-09-03 19:58:00
Чынын айтыш керек, Ташиевдин Ош коогалаңындагы эрдиги чоң . Бирок Жапаровдун эмес башка бийликтин тушунда берилгенде жакшы болмок .
+3
Asmat84
2022-09-03 21:21:00
Башканы айтпаганда да Ош окуясындагы жана кыргыз тажик окуяларында Ташиевдин эмгеги чоң
+6
nurdinovadilbara
2022-09-04 03:21:00
Татыктуу адам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан