Ош шаарына Чехиядан делегация келди

Бүгүн, 3-сентябрда Чехия Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартощек жетектеген Чехиянын делегациясы Ош шаарына барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды Ош эл аралык аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Чехиянын парламенттик делегациясы Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы чехословактардын көмүлгөн жерлерине жана өлкө аймагындагы башка эстеликтерге барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg.arts.
2022-09-04 12:13:00
Кыргыздын чондору озунчо эле тырышат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан