СССРдин алгачкы жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен коштошуу аземине ырчы Алла Пугачева жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев катышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Мындан бир күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин дагы Горбачёв менен коштошкон. Ал жумушуна байланыштуу расмий коштошууга катыша албай калды.
Михаил Горбачёвдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө, жубайы Раиса Горбачёванын жанына коюлат. Горбачёвдордун көрүстөнүнөн элүү метрдей алыстыкта Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин мүрзөсү жайгашкан.
Михаил Сергеевич Горбачёв 30-августта 92 жашында каза болгон. Ал көптөн бери катуу ооруп, акыркы айларда ооруканада жаткан.