Ноокатта УКМКнын жаңы имараты ачылды. Аземге Камчыбек Ташиев катышты (фото)

Бүгүн, 3-сентябрь күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышкан.
Камчыбек Ташиев жаңы имаратты толугу менен көрүп чыгып, өздүк курамды куттуктоо менен бирге тийиштүү кызматтык талаптарды эскертип өткөн.
Алдыда дагы УКМКнын региондордогу башкармалыктарынын материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу иштери улантылары белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мирлан
2022-09-04 00:00:00
Куттуктайм
+14
Kg.arts.
2022-09-04 12:14:00
Кут болсун!!! Эми оорукана, торот каналарга да конул буруп койгула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан