
Ош облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.