Сыймык Бейшекеевдин атасы каза болду

Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеевдин атасы узакка созулган оорудан улам каза болду. Маалыматты Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиев тастыктады.

"Мага түндө Сыймыктын жанында ар дайым чогуу жүргөн достору чалып айтышты. Андан кийин өкүл баласы Бердибек Жамгырчиев чалып кабар берди. Атасы ооруп жүргөн", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, мындан 3 күн мурун Сыймык Бейшекеев инстаграм баракчасына атасына арнап ыр жазып, оорудан сакайып кетишин тилеп пост жазган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сыймык Бейшекеевге, жакындарына атасынын каза болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bakyt1995.bakyt
2022-09-04 15:54:00
Жаткан жери жалуу болсун
+2
Anarchy
2022-09-04 20:48:00
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торкоо болсун. Терен кайгыруу менен конул айтам .
+1
shejol
2022-09-05 03:19:00
Эл артисть наамын алганда -атам да сүйүндү деп атты эле...
0
Айтмырза
2022-09-05 22:17:00
Атаңдын барган жери Бейиш болсун! Сыймык, кайрат кыл!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан