Москвада такси айдаган Кыргыз жараны курьер болуп иштеген мекендешин өлтүрө сүзгөнү айтылууда

Москва шаарында такси айдап иштеген Кыргыз жараны курьер болуп иштеген дагы бир Кыргыз жаранын өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиядагы мекендештер билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя кечээ, 3-сентябрда болгон. Анда жеткирүү кызматында иштеген Кыргыз жаранын такси айдап иштеген дагы бир Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Ал 34 жашта болчу.

Орусиянын Башкы прокуратурасы кырсыктын видеосун телеграм каналына жарыялады. Учурда бул факты боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштады.

Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан