Ички иштер министрлигине 19 кызматтык унаа тапшырылды (фото)

Ички иштер министрлигине Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жаңы унаалар милиция кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет.

Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБине-4, Чүй ОИИБине-4, Ысык-Көл ОИИБине-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө -1.

Андан сырткары бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси райондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган Газель үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

Унаалар “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан