Кыргызстанда кыздарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин билдирүүсүндө, мындай операцияларга жол берилбеши керектиги айтылат. Анткени бул кадам кыз-келиндерди майып кылып коёт.
"Ошондой эле бул кыздардын укуктарын бузуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Анын кесепеттери: инфекциялар, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыздын азаюусу, кисталар, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы. Мындай көрүнүштөр өз учурунда өлүм коркунучун жогорулатат.
Буга чейин социалдык тармактарда кыздарды сүннөткө отургузуу учуру болгондугу тууралуу айтылып, тиешелүү мекемелерге чара көрүү талаптары коюлган.