SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу 2 баланын мээримдүү энеси Чинара Худайбергенова чет жерге ырыскы издеп баргандагы сапары тууралуу айтып беребиз.
"2 балам бар, турмуш шартка байланыштуу жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Екатеринбург шаарында 12 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келдим.
Эл катары Agri-hr программасына (Улуу Британиянын айыл чарба жумуштарына орноштуруу программасы) анкета толтуруп, онлайн баарлашуу, андан соң офлайн баарлашуудан өтүп калдым. Екатеринбург шаарындагы санкцияга байланыштуу визаны Алматыдан алдым. Шотландияга Castleton Farm фермасына кулпунай терүүгө Бишкектен сапар алдым", - дейт ал.
Мекендешибиз Шотландияга 6 айлык мөөнөткө айыл чарба фермасына иштегени барып, жумушу ойдогудай чыкпай калган.
"Бизге келишимде айлык саатына 10 фунт (931 сомдун тегереги) төлөнөт. Бир аптада 6 же 8 сааттан 6 күн иштейсиңер. Жекшембиде эс алуу болот деп айтылган. Фермага келген учурубузда айтылгандай болгон жок.
Биз барганда алгач караван (ред.; жатакана) берилди. Суук, жумасына караванга 60 фунт, кийим-кечеңер акысыз жуулат делген. Бирок кир жуучу машинаны 1 жолу иштеткенге 4 фунт, караванга 61 фунт (5 680 сомдун тегереги), мындан тышкары жылуулук үчүн өзүнчө каражат төлөп жаттык. Эртеси күнү келишим боюнча окутуу башталды. Ошондо гана айлык норма боюнча төлөнөрүн уктук. Ачыгын айтканда, аябай аракет менен кулпунай терсем дагы кээде норма болуп, кээ бирде болбой иш аз болуп жатты. Көп жумушчуларды чакырып алгандан улам иш менен камсыз кыла албай ферма бизге эс алуу күндөрүн арты-артынан берип жатты.
Фермага Болгария, Румыния, Индонезия, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандан келген жарандар иштеп жүрүштү. Бизге аз жумуш болгону үчүн 1 жарым айдан кийин фермадан чыгып, Лондонго кетип калдым. Бул аралыкта 1300 фунт (121 миң 59 сомдун тегереги) маяна иштеп таптым".
Чинара айым визаны 6 айлык мөөнөткө алган, 1 жарым айдан соң жумушу ойдогудай болбой, кайрадан башка жерден ырыскы издөөгө туура келет. Англиядагы мекендештердин айтымында, айыл чарба жумушу үчүн виза менен барган чет элдиктердин Лондондо жумушка орношуусу оңой-олтоң иш эмес. Ошого карабай мекендешебиз жумушка орношууга жетишкен.
"Шаарда отелдердин биринде кенже тейлөөчү кызматкер болуп ишке орноштум. Англис тилин мектепте жакшы окубаганыма өкүнөм. Тил билбегеним үчүн ушул иште иштеп жатам. Визамдын мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп, мекениме кайтам", - деп билдирди мекендешибиз.
Мындан тышкары Чинара айым Англияга фермада иштөө үчүн сапарга камынып жаткандар үчүн кеңештерин берип өттү. Айтымында, келишим түзүүдө ар бир пунктка маани берип, окуп, түшүнүп кол коюу зарыл. Ошондой эле тил үйрөнүп келүү артыкчылыкка ээ.