Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өрт каптаган Костанай облусуна барды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн өлкөнүн түндүгүндөгү ири өрт чыккан Костанай облусуна барды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө ал Аулиекөл аймагындагы табигый өрттөрдү жоюу иштеринин жүрүшүнөн кабар алат.

Президенттин бул аймакка сапары өрттүн алдында эле белгиленген. Ал 1937-1938-жылдардагы Сталиндик репрессия маалында атылып кеткен Казакстандын атактуу агартуучусу Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдык мааракесине катышышы керек болчу.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Костанай районунун Казанбашы айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан токойдо өрт чыгып, жайылып кеткен. Анын кесепетинен 86 жаштагы карыя каза болуп, 108 үй толугу менен күйүп кеткен. 1800 киши коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянты 43 миң гектардан ашканын билдирген. Министрлик он адам жеңил жана орто жаракат менен ооруканага жеткирилип, төртөө ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан