Бийлик өкүлдөрү Баткен эли менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Кабарлангандай, жергиликтүүлөр менен жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жолугушууга 500гө чукул жашоочу келип, көптөн бери чечилбей келген чек арага чектеш аймактардагы айылдардагы жаралган көйгөйлөр көтөрүлүп, жер, суу, аткезчилик, жөлөк пул маселелери айтылып, бийлик өкүлдөрүнөн өз көзөмөлүнө алып, чечип берүүсүн суранышты.
Ошондой эле жарандар милициянын, соттордун, прокуратуранын ишмердүүлүгүнө да токтолуп, кылмыш иштеринин убактыларынын созулушу, кылмыш иштеринин калыс тергелбей калышы жөнүндө айтып беришти.