Бишкектеги айрым райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Кайсы райондордо?

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 7-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдайт.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 7-сентябрда саат 9:00дөн 21.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт.

Ага ылайык, Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн №243 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу бизнес-борбордун кошулушуна байланыштуу муздак суу өчүрүлөт. Масалиев - Айтматов кең көчөсү - Миңжылкыев көчөсү, Сагындыков көчөсү (КТУнун тосмосунун чыгыш тарабы) чектешкен аймакта суу болбойт.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн 97/4 жана 237/1Б жээгиндеги насостук станциялар муздак суудан убактылуу өчүрүлөт. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан