1 миллиондой калкы бар Оштун Кара-Суу районунда таза суу үчүн бири гана "Исмаил-Ата" фонду ондогон чакырымга трубаларды жаткызып суу чыгарды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.
"Кара-Суу районун биз кыдырып жүрөбүз, жакшы билебиз. Район элинин жана биздин айтуубуз боюнча, Кара-Суу районуна таза сууну "Исмаил-Ата" фонду гана тарткан ушул күнгө чейин. Башка тартылган таза сууну эл билбейт. Долбоор болуп жатат, башка болуп жатат аягына чыга элек. Таза сууну ондогон чакырым кылып "Исмаил-Ата" фонду тартып койду. Ошол боюнча ичип жатышат.
Жалган дей турган болсо бул жерде билгендер дагы айтып койсо болот", - деди Осмонов.
Өз кезегинде Суу чарба кызматы Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында 26 айылды жана Евразиялык фонддун эсебинен 18 айылды суу менен камсыз кылуу пландалып жатканын айтты.