Садыр Жапаров Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдиришет.

"Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Маалымат үчүн:

Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 21 адам каза болуп, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилгенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан