Жалал-Абад шаарында 44 миңден ашык жарандын маалыматы "Санарип аймак" базасына киргизилди

Жалал-Абад шаарында 44 238 жарандын маалыматы "Санарип аймак" базасына киргизилди. Маалыматты шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.

Ага ылайык, шаарда жарандардын жеке маалыматтары, үй-бүлөсүнүн курамы, кыймылсыз мүлкү, транспорту, мал чарбасы “Санарип аймак” маалымат базасына катталууда.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында калктын расмий саны 12 3239 адамды түзөт. Анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 44 238и аталган маалыматтык тутумга катталды.

Белгилей кетсек, аталган маалымат тутуму жарандардын убактысын, каражатын үнөмдөө менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын калкка натыйжалуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүн камсыздайт. Тагыраагы, жарандар ар кайсыл мекемеден кагаз түрүндөгү документтерди чогултуу көйгөйүнөн арылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан