Бишкектин Ак-Бата жаңы конушунда №43 орто мектептин кошумча имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Кошумча имаратта спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, кошумча курулушу республикалык бюджеттин эсебинен курулган.