Бүгүн, 6-сентябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 96-театр сезону ачылат. Бул туурасында театрдан кабарланды.
Маалыматка жазылгандай, 96-театр сезону Ж.Садыковдун “Төлгө” спектакли менен ачылат.
“Төлгө” спектакли улуу Манас темасын баяндап, жаш муундарды мекенчилдикке, кайраттуулукка, өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн жан аябай кызмат кылууга үндөйт.