Волейбол: Азиянын чакырык Кубогун жеңген Медетбек Эргеш уулун Жалал-Абадда салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинде эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогунда 1-орунду ээлеген Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Медетбек Эргеш уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров, Жалал-Абад ОИИБинин начальнигинин орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышкан.

Анда спортчулардын жетишкен ийгиликтери өлкөбүздүн бардык жарандарын кубантып жаткандыгы белгиленип, 2023-жылы Азия биринчилигин багындыруу каалоолору айтылганы кабарланат.

Белгилей кетсек, эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогу Чолпон-Атада 29-августтан 3-сентярбга чейин болуп өткөн. Ага Сауд Арабия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Финалда Кыргызстан курама командасы Сауд Арабияны 2-3 эсебинде жеңип, Медетбек Эргеш уулу “Мыкты байланыштыруучу” наамына татыктуу болгон. Ошондой эле ал атайын статуэтка менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан