Бүгүн, 6-сентябрда Орусиядагы «Сергеевский» полигонунда коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун катышуусунда "Чыгыш-2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Машыгуунун соңку этабында шарттуу душмандын негизги тобун артиллериянын, армиянын авиациясынын жана түз ок атууга бөлүнгөн каражаттардын жардамы менен талкалоо боюнча тапшырмалар иштелип чыккан.
Эскерте кетсек, "Чыгыш-2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу ушул жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин Орусиянын Чыгыш аскер округунун аймагында жүргүзүлгөн. Ага 50 миңден ашуун аскер кызматкери, 5000ден ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылган.
Маневрлерге ЖККУ, ШКУ жана башка мамлекеттердин аскер контингенттери жана байкоочулары катышты. Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын №10128 аскер бөлүгүнөн аскердик контингент чыккан.