Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Сот ала качуунун курмандыгы болуп, киши колдуу каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Отурумда айыпталуучулардын биринин жактоочусу кылмыш ишин кайра кароого жөнөтүүнү суранса, дагы эки айыпталуучунун жактоочусу жаза өкүмүн жеңилдетүүнү суранды. Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочулары Канатбекованын жакындарына кенемте төлөө боюнча Биринчи Май райондук сотунун 100 миң сом өлчөмүндөгү моралдык зыяндын ордун толтуруунун максималдуу өлчөмүн 5 соттолуучуга бөлүп, ар бирин 20 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечимине нааразычылыгын билдирип, ар бир айыпталуучуну 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирүү өтүнүчүн келтирди.
"Кылмыш-жаза кодекси моралдык зыян үчүн акчалай айыптын өлчөмүн 100 миң сом менен чектейт. Бул чек жабырлануучу үчүн эмес, жеке кылмышкер үчүн белгиленген. Ал эми бул жерде соттор (ред: Биринчи Май райондук соту) жабырлануучуга төлөнчү кенемте 100 миң сомдон ашпашы керек деп карап жатышат. Анда соттолгон беш кишиге 20 миң сомдон бөлүнүп калат экен. Демек аялды 1 адам зордуктаса моралдык зыяны үчүн 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилет, бирок 10 киши зордуктаса 10 миң сомдон гана төлөйт экен да. Канчалык көп шериктеш болсо, ошончолук жаза азаят. Мындай чечим - абсурд. Маселен сот 13 жашар кызды зордуктагандардын ар бирин 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Демек Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүш керек", - деди жактоочу Нурбек Токтакунов.
Прокурор соттон айыпталуучулардын жактоочуларынын даттанууларын четке кагууну, ал эми жабырлануучу тараптын даттанууларын толугу менен канааттандырууну сурады. Сот тараптардын өтүнүчтөрүн четке кагып, райондук жана шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Эске салсак, Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин чок ортосунан бир нече жаран унаага күчтөп салып кетишкен. Эки күндөн кийин 7-апрелде Чүйдүн Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадын кыздын сөөгү табылган. Кыздын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.
Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталган.