Бүгүн, 6-сентябрда Бекбосун Апсатаров президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Ал эми бул кызматты аркалап келген Сатыев Медербек Асанбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.