Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде режиссёр Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылган “Төлгө” спектакли өтүүдө.
Аны актёр, обончу-композитор Асылбек Өзүбеков ачып берди .Спектаклге театр жана искусство дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Эскерте кетсек, театралдык сезондун алгачкы ачылышы 27-март - Эл аралык театр күнүндө болгон. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл инсандар катышкан.