Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүп, зордуктоого шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, мындай чечимди Кадамжай райондук соту чыгарган.
Прокуратура айыпталуучуларды эки айга камакка алууну суранып, тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандырган. Шектүүлөрдүн үчөө тең Ош шаарындагы 5-СИЗОго киргизилген. Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.
Тиешелүү кызмат бул кылмыш иши башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалайт.
4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Холмион айыл аймагынын Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган.
Кыздын сөөгү 5-сентябрда жерге берилген.