Ташиев: "Өлкө боюнча УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулду"

Өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына курган маегинде айтты.

Маалымдалгандай, имараттан сырткары 150дөй унаа жана 100 атайын техника да берилген. Мындан сырткары жаңы жабдуулар алынып, ишке берилген.

"Буга чейин биздин кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келе жатышкан. УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду", - дейт Ташиев.

Өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын ар кайсы аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулган. Учурда кызматкерлер үчүн Бишкекте жана Талас облусунда дагы үй салына баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
orun
2022-09-07 10:16:00
Андан көрө мектептердин санын көбөйтсө болбойт беле ыя Ташыке...
0
Kg.arts.
2022-09-07 12:15:00
УКМК нын самый бар салаты жок. Канчалык алар кобоюп, ошончо коп кылмыш катталып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан