Президент Садыр Жапаров “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анын алкагында тазалык күнү жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жарлыкка ылайык, өлкө аймагында айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле санитардык жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу жаатындагы саясат ырааттуу ишке ашырылууда.
Ошону менен бирге шаарлардын жана айылдардагы калктуу конуштардын тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен жетишсиз камсыз болушу, тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатындагы инфраструктуранын канааттандырарлык эмес абалы жана тиричилик калдыктарынын полигондорунун санитардык жана экологиялык ченемдердин талаптарына ылайык келбеши бул чөйрөдө комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат.
Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” (World Cleanup Day) экологиялык акциясы өткөрүлүп, кеңири коомчулуктун, ЖМКлардын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аймактарды таштандылардан тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча аракеттерин бириктирүү максатында өткөрүлөт.
Бул жарандык акциянын алкагында массалык ишембиликтер жана агартуу иш-чаралары өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат. Мында жаратылыш аймактарын (токойлор, талаалар, көлмөлөрдүн жээктери) тазалоого басым жасалат, ал эми таштандыларды чогултууда мүмкүн болушунча таштандыларды өзүнчө чогултуу уюштурулат. Мындан сырткары акциянын уюштуруучулары жер-жерлерде агартуу акцияларын өткөрөт, таштандыларды иштетүүнүн заманбап системасын, өзүнчө чогултууну жана кайра иштетүүнү, экологиялык жашоо образын, экологияга келтирилген жеке жана коомдук таасирди азайтууну жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетишет.