Президент Садыр Жапаров «Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жарлыктын максаты улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага жана товарларды Кыргызстандын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү болуп саналат.
Анын алкагында министрлер кабинетине бир катар тапшырмалар коюлду. Катарында транспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерин таануу боюнча автоматташтырылган камералар менен өткөрүү пункттарын жабдуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн контролду киргизүү тапшырмалары бар.