Баткенде балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу маселеси талкууланды

Баткенде балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, өспүрүмдөрдү коргоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова билдирди.

Анын жүрүшүндө балдарды социалдык жактан коргоо маселесин алдыга жылдыруу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу маселелери каралды. Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кепилденген медициналык кызматтарга, билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, мигранттардын балдары, өспүрүм кыздардын абалы, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо маселелери айтылды.

Ошол эле учурда коомчулук менен биргеликте иш алып барылып, балдардын дени сак, руханий, маданият жагынан тарбиялоодо жапырт, ыкчам аракеттер көрүлүшү керектиги айтылды.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана кароосуз калган балдарды каттоого алуу, жергиликтүү жамааттар менен иш алып баруу боюнча тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан