Жогорку Кеңеште педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов сунушун айтты.
"Баарыбызга маалым болгондой Кадамжайда жүрөк ооруткан окуя орун алды. Бул улуттук трагедия. Мындай окуя биринчи жолу орун алып жаткан жок. Бүгүн түштөн кийинкиге укук коргоо органдарын чакырып койсок, маалымат угалы. Чечкиндүү кадамдарга барсак, мыйзамдарды өзгөртүп педофилдерге өлүм жазасын киргизсек жакшы болот эле",- деди ал.
Андан кийин сөз алган эл өкүлдөрү дагы жогорудагы маселеге токтолуп, Атажановдун пикирин кубатташты.