Манас айтуу менен башталып... Бишкектеги №5 муниципиалдык мончосу оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн, 7-сентябрда борбордогу “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын №5 муниципиалдык мончосу реконструкциялоодон кийин пайдаланууга берилди.

Мончонун ачылышы алгач манасчы Рысбай Исаковдун Манас айтуусу менен башталды. Андан соң аталган ишкананын директору Жамалбек Ырысалиевге жана келген конокторго сөз берилди.

Иш-чарага бир катар экс-депутаттар жана мончо сүйүүчүлөрү келишкен.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, курамында 66 откана кирген ири муниципиалдык ишкана болуп эсептелет. Анын ичинде жаратылыш газы менен 32 отказан, көмүр менен 22, электр энергиясы менен 12 отказан иштейт. Көмүр менен иштеген 22 отказандын 16сы газ менен иштеген отказандарга алмаштырылат. Ал үчүн Түркиянын “Мимсан” заводунан 32 даана отказан сатылып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан