Ысык-Көлдүн жээгинен кыздын жансыз денеси табылды

Тоң районуна караштуу Кең-Сай айылында көлдүн жээгинен кыздын жансыз денеси табылды. Аны 6-сентябрь күнү жергиликтүүлөр таап алганын, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына маалымдады.

Кабарлангандай, кыздын сөөгү Тоң райондук ооруканасына өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен өлүмдүн себеби белгилүү болот.

Кыз болжол менен 25-30 жашта экени айтылды. Учурда маркумдун аты-жөнүн аныктап, жакындарын табуу аракеттери көрүлүүдө.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-09-07 15:07:00
Айтмакчы жанагы кичинекей кыз табылдыбы же табылбай калып кеттиби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан