Сузакта асфальт-бетон заводунун иши токтотулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы асфальт-бетон заводунун иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, 6-сентябрда айылга жакын жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат интернет айдыңында чыккан.
"Аталган асфальт-бетон заводу Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан.
Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүлүп, заводдун иши токтотулган", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан