Жашы жете элек балдарды зордук-зомбулукка, ал тургай өлүм менен коштолгон окуяларды бүтүндөй коом жектешибиз керек. Бирок азыркы сот системасы менен өлүм жазаны киргизгенибиз туура болобу? Мындай суроону бүгүн, 7-сентябрда депутат Жанар Акаев жыйында депутаттарга берди.
"Балким, ушундай ура-ура менен жогорку жетекчиликке идеяны берип, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды өлүп кетишине себепкер болуп калбайлы. Биз ушундай сот система менен бара алабызбы? Адам чалыш айбандарды эч качан аябашыбыз керек. Азыр деле канча адам бейкүнөө абактарда жатат. Мисалы, Казакстан быйыл өлүм жазадан баш тартты. Эгер биз өлүм жазасын киргизебиз десек коомчулук колдойт. Жакшылап ойлонушубуз керек", - деди Акаев.