Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев сөз сүйлөп, парламент алсыз деп айткандарга кошулбай турганын билдирди.
"Жогоруда сөз болду, парламентте эрксиздер отурат деген. Мен айтат элем, мен бул сөзгө макул эмесмин. Анткени ар ким өз пикирин айтууга бул жерде толук укугу бар. Ушул жерде отурган 90 депутат тең сын айткан колунан келет. Бирок акты ак, караны кара деп айтуу ар биринин эле колунан келе бербейт. Азыр бардык жерде негатив көбөйдү. Мен айтат элем баары өзүбүздөн.
Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, "эмне айтса ошону кыласыңар" деп жатасыз. Ушул жерде сиздин жоопкерчилик каралганда мына биз, парламент, сизди сактап калдык эле го, эркти көргөздүк эле го. Сиз эмнеге аны байкабайсыз. Сиз менин аброюма шек келтирип жатасыз. Мен депутатмын. Мен укугумду тебелетпейм, мен президентке, өкмөткө сынды, оюмду айтып келем. Менин позициям бар. Парламент бизде баары бар. Ошону туура пайдаланалы", - деди Нурлан Шакиев.