Ош шаарындагы жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери сармерденге катышты. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришет.
Белгиленгендей, маданий иш-чарага шаарда жайгашкан №5 СИЗОнун жана №42 жатак абагынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышкан.
Иш-чаранын максаты - улуттук мурастарды, руханий маданиятты, каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоого жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталат.