Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул туурасында мекемеден кабарланды.
Кеңешмеде финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, ошондой эле 2023-2027-жылдарга мамлекеттик бюджеттин негизги параметрлерин сунуштады.
Белгиленгендей, жакынкы келечектеги фискалдык саясаттын негизги милдети бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөтүү. Ошондой эле көмүскө экономиканы кыскартуу жана кирешелерди башкаруу тутумун жакшыртуу жолу аркылуу мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.
2023-2027-жылдары фискалдык саясаттын стимулдаштыруучу ролу сакталат. Ал бардык ресурстарды мобилизациялоого, ишкердик үчүн адилет атаандаштык шарттарды түзүүгө жана өндүрүштү диверсификациялоого, модернизациялоого, ошондой эле тышкы шарттардын таасиринин төмөнкү деңгээли менен болжолдуу экономикалык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Акылбек Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка бизнес процесстерди санариптештирүү боюнча алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Биздин алдыбызда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат. 2023-жылдын 1-январынан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек. Мындан тышкары IT технологиялар университетин ачып, IT шаарчасын негиздөө керек", - деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгында 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетти түзүү үчүн контролдук көрсөткүчтөр бекитилди.