Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев аскерлердин өлүмү боюнча коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун жооп берүүсүн талап кылды.
"Июль-август айларында жума сайын бирден жоокер өзүн-өзү атып өлүп жатышты. Коргоо министри ар бир жоокердин өлүмүнө жооп бериши керек. Журналисттерге алар аскерге даярдыгы жок келгендиктен өлүп жатышат деп жооп бериптир. Мен бул жообуна түшүнбөй калдым, аскерге даярдыгы бар жарандарыбыз аскерге барып эмне кылат анда? Бул реформа кылганды билбесе жумуштан кетиши керек", - деди ал.
Ошондой эле Токтошев министрдин жайында да чакырганда келбей койгондугун эске салып, эми келип ар бир өлүм үчүн жооп берсин деген тапшырма берүүнү сунуштады.