"Он күндөн бери дайынсыз...". Баткенде 54 жаштагы аял изделүүдө

Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну Мурзалиева Батма Назаркуловна 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы аялды көргөн-билгендер болсо байланышып коюуну өтүнөт.

Милицияга жоголгон аялдын бир тууган сиңдиси арыз менен кайрылган. Анда эжеси 29-август күнү Самаркандек айылындагы өзүнүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, кашы, көзү кара, чачы кыска, кара тору, акыл-эси соо. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Байланыш номерлер: (03622) 102, 5-17-56, уюлдук тел: 0774 77 86 88, 0554 22 00 74.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан