Жалал-Абад милициясы студенттер жана окуучулар менен иш алып барууда

Жалал-Абад милициясы студенттер жана окуучулар менен иш алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБинин балдар иштери боюнча инспекторлору ЖАМУнун колледжинин жана К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда тоноо, уурулук, топтошуп мушташуу, эрте турмуш куруу, рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилген.

"Аталган окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректору А.Жолдошбаев студенттерди коомдук тартипти сактоого, жарандардын укугун сыйлоого жана милиция менен бул багытта активдүү кызматташууга чакырды. Мындан сырткары Жалал-Абад милициясы тарабынан жаңы окуу жылы башталганына карабастан мектепке барбай жүргөн окуучуларды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Анда айтылгандай, Жалал-Абад шаарында 50 миңден ашуун өспүрүм болсо, анын 15 миңден ашууну студенттер. Шаар аймагында 20 мамлекеттик, 10 менчик мектеп жана 4 жогорку окуу жайы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан