Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек мэриясынын алдында митингге чыккан гезит-журнал саткан күркө сатуучуларынын алдына вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып жооп берди.
“Бул көптөн бери чечилбей келе жаткан маселе. Убагында бул күркөлөрдүн орду мыйзамсыз болгон. Биз бүгүнкү күндө күркөлөрдүн жайларын таап, шаардын талабына ылайык оңдоп-түзөөнүн үстүндө иш жүргүзүп жатабыз”, - дейт ал.
Ошондой эле ал ишемби күнү бардык сатуучуларга барып, жолугуп күркөлөрдү көрүп кетерин кошумчалап, сатуучуларга убада берди.