Ошто кутурма оорусун жуктурду делген өспүрүм ооруканага жаткырылды

Ош облусунда кутурма оорусун жуктурду деп шектелген бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрда Аравандагы жалпы дарыгерлик практика борборуна 2014-жылы туулган бала түшкөн.

"Ал кутурма оорусуна шектелип жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Тиешелүү адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү.

Азыркы тапта баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Ага керектүү дарылоо жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан