Президент өлкө боюнча 70 "Жарандык жана санариптик билим берүү" борборлорун ишке киргизди (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө старт берди.

Мамлекет башчы БШКнын базасындагы борбордун биринде болуп, анда онлайн режимде аталган масштабдуу долбоорду ишке киргизүү орун алды. Президент окуу залын көрүп, аталган долбоордун алкагында билим берүү программаларын окуп жаткан студенттер менен баарлашып, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын алкагында билим берүү программалары өтүп жаткан өлкө боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 борбор менен түз байланыш уюштурулду. Долбоордун катышуучулары – аймактардын тургундары жеринде Садыр Жапаров менен онлайн режимде учурашып, бул борборлордун облустарда иштөөсүнүн келечеги тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле АКШдагы Борбордук Азиялык IT форумуна катышып жаткан кыргызстандык IT делегациясы менен түз байланыш уюштурулду. Ал жакта мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, ата мекендик IT тармагына инвестиция тартууда.

Чогулгандарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, президент өз сөзүндө борборлорду түзүү жарандык жана санариптик билим берүүнү системалаштырууга, жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнүн ар кандай программаларын туруктуу негизде ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Мындан тышкары бул өзгөчө, алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Билим берүү ишмердүүлүгүнө жарандык билим берүү программаларын киргизүү пландаштырылууда. Алар: “Кыргыз Республикасынын жараны жана шайлоолор”, “Кыргыз Республикасынын саясий системасы”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо процесси”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Экология жана укук" жана башкалар.

Ошондой эле компьютердин баштапкы көндүмдөрү, өз алдынча билим алуу жана өзүн өнүктүрүү үчүн интернет ресурстарын кантип колдонуу керек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын кантип колдонуу керек, SEO (сайтыңызды кантип илгерилетсе болот), SMM (жарнамалык көндүмдөрдүн мониторинги), графикалык дизайн сыяктуу жана башка санариптик билим берүү программалары.

Иш-чаралардын форматтары окутуу курстарын (онлайн/офлайн), тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, дебат клубун, аялдар клубун өткөрүүнү камтыйт.

Бул социалдык долбоор президенттин администрациясы, министрлер кабинетинин колдоосу астында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан