Ысык-Көлдүн жээгинен жансыз денеси табылган аялдын өздүгү аныкталды

Тоң районуна караштуу Кең-Сай айылында көлдүн жээгинен жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалымдалгандай, ал Жети-Өгүз районунун 41 жаштагы С.Э. аттуу тургуну болуп чыкты. Жакындарына кабар берилип, туугандары аялдын сөөгүн алып кетишкен.

Буга чейин көлдүн жээгинен кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат тараган. Аны 6-сентябрь күнү жергиликтүүлөр таап алганы айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан